Ноокатта Кызыл китепке кирген гималай кумайын кармап, видеого тартышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда гималай кумайын кармап, видеого тартышкан. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл китепке кирген гималай кумайын (снежный гриф-Gyps himalayensis) кармаганы үчүн Шалдырама айылынын тургуну кармалды. Ал канаттууну учуп келип конгондо кармап, видеого тартып, мессенджерлерге таратып жиберген.

Мындан улам «Барс-2» тобунун кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош облусу боюнча био ар түрдүүлүк бөлүмүнүн ыкчам тобунун мүчөсү Төлөнбай Каримов менен биргеликте пландан сырткары рейд өткөрүштү. Натыйжада канаттууну кармаган адам колго түшүп, фактыны мойнуна алды.

«Кармалган кумайды учуруп жиберишкени аныкталды. Негизи Кызыл китепке кирген жаныбарды кармаса да айып пул салынат. Бул факт боюнча акт түзүлүп, шектүүлөрдөн түшүнүк кат алынды. Ал эми өздөрүнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 262-берененин 1-бөлүгү менен (кызыл китепке кирген жапайы жаныбарды кармаганы үчүн) 20 миң сом айып пул салынды. Эгер атып, өлтүрүп салышса, ички иштер бөлүмүнө акт аркылуу өткөрүлмөк», — деди Каримов.

2024-жылдын 29-майында Алай районундагы Нура айылынан Кызыл китепке кирген эки гималай кумайын мыйзамсыз аткан жарандар кармалып, аларга 200 миң сом доо коюлган.

Пример HTML-страницы

Аталган канаттуу негизинен Кыргызстандагы Алай жана Тянь-Шань кырка тоолорун байырлап, аска-зоолордо уялайт жана мал-жандыктардын тарпы менен тамактанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️