Пример HTML-страницы

Ноокатта бет капчан адамдар 2 кызматкерге ок чыгарышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда ок атуучу курал колдонулуп, акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлери жаракат алды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-июнь күнү саат 8:50-9:00 чамасында Ноокат районундагы Алимбаев көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын 2 кызматкерин бет капчан 3 белгисиз адам күтүп отуруп, ок атуучу курал менен атып, акчаны алып качып кетишкен. Октон жаракат алган акча алмаштыруучу жайдын кызматерлери тирүү калганы айтылат. Бет капчан адамдар алып качышкан баштыкта болжол менен 60 миллион өзбек суму болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE