Turmush — Кечээ, 29-июнь күнү Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, сел каптоонун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталды:
— Аномалдуу жаан-чачындын жаашы;
— Узак жылдардан бери чоң көлөмдөгү сел процесси катталбагандыктан Абшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда бак-дарактардын өсүшү жана дарыянын жээктерин эс алуу үчүн тапчандардын баш аламан курулуусу;
— Көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн сел суу өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болуусу;
Изилдөөнүн жыйынтыгында кырсыктын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана акимчиликке төмөндөгү иш-чараларды аткаруу сунушталат:
1. Ички чарбалык жолдорду атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү;
2. 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоп-түздөө, жээктерин бекемдөө;
3. Авариялык абалга келген таза суу түтүкчөсүн калыбына келтирүү;
4. Сел ширендилерине капталган турак жайларды, социалдык обьектилерди тазалоо боюнча тиешелүү иш-чараларды аткаруу.
№37 Жол тейлөө мекемесине төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунушталат:
1. Тез аранын ичинде Т.Кулатов—Абшыр-Сай унаа жолундагы эрозияга учураган жана сел калдыктарга жарым жартылай толгон участкаларын атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү, тазалоо;
2. Капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж унаа өтүүчү көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, суу кирүүчү жана чыгуучу тараптарын бекемдөө;
3. Толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен жаңыдан унаа өтүүчү көпүрө куруу;
Райондук электр тармактар ишканасына тез аранын ичинде сел агызып кеткен электр мамыларын калыбына келтирүү сунушталат.
«Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомуна Абшыр-Сай дарысына курулган көпүрөнүн ордуна атайын долбоордун (техникалык чечимдин) негизинде сел өткөрмө (селепропускник) куруу иш-чараларды аткаруу сунушталды.
- Селден каза болгондордун саны 8 адамга жетти. Алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр экенин кабарлаган. Алар 2013-жылы, 2016-жылы, 2008-жылы, 2012-жылы, 2013-жылы төрөлгөн балдар, дагы бирөө 2005-жылы туулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.