Пример HTML-страницы

Ноокатта 33 жаштагы жигитти мыкаачылык менен өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Анын сөөгүн казып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Ошто каракчылыкка шектелип кармалгандардын активдүү мүчөлөрү тарабынан Ноокат районунда 2022-жылы адам өлтүрүү фактысы болгондугу аныкташты.

2023-жылдын 9-ноябрында Ош шаарынын аймагында куралдуу каракчылык жана терроризмге көмөктөшүүгө шектүү катары 11 адам кармалып, алардын ичинен 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-ноябрга чейин дагы бул топко тиешелүү 17 адам кармалган. Аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү — 1980-жылы туулган Н.Д. жана 1990-жылы туулган Б.Д. Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Б.А. аттуу жаранды өлтүргөнү аныкталды.

Тактап айтканда, шектүүлөр болжол менен 2022-жылдын август айында Б.А.ны Ош шаарынын Черемушка кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан жолуктуруп, сүйлөшүп келүү үчүн өздөрүнүн автоунаасына отургузуп, Ош облусунун Ноокат районунун Арал айылынын батыш тарабындагы адыр талаасына алып барып, муунтуп өлтүрүп, жогорку чыңалуудагы электр мамычасынын жанына көмүп коюшкан.

Шектүү Д.Н.нын көрсөтмөсүнүн негизинде 2023-жылдын 18-ноябрында көрсөтмөнү текшерүү, тергөө амалын жүргүзүү учурунда Арал айылынын батыш тарабындагы адыр талаасынан А.Б.нын көмүлгөн жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча тийиштүү материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-16-18-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголду.

Н.Д.нын көрсөтмөсү боюнча, каза болгон А.Б.ны буга чейин алардын кылмыштуу тобунда болуп, кийин өз алдынча бул кылмыштуу топтон чыгып кеткени жана кылмыштуу топ тууралуу маанилүү маалыматтарды билгени үчүн жазалашкан.

Алгачкы тергөө аракеттеринин жүрүшүндө А.Б.нын жансыз денеси Ош облустук ооруканасынын мейитканасына жеткирилип, сырттан кароо жүргүзүлгөн жана анын туугандарынын катышуусунда өлүктү таанытуу тергөө амалы жүргүзүлгөн.

Учурда кылмыш иш алкагында тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын толук жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүү Н.Д.нын берген көрсөтмөлөрү текшерилүүдө.

Н.Д.га буга чейин мурдагы кылмыштарынын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүгүндө (террордук акт) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.

Ал эми анын кылмыштуу шериги — 1990-жылы туулган У.Д. 2023-жылдын 17-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөтүп, атайын операциянын жүрүшүндө ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX