Пример HTML-страницы

Ноокатта 3 балалуу келин асынган абалда табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда аял киши асынган абалда табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя Гүлистан айыл аймагында болгон. Маркумдун артында 3 баласы калды.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктаган маалымат боюнча, 2024-жылдын 6-июнунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Гүлистан айыл аймагынын 1992-жылы туулган тургуну Р. кызы С. каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркум асынып алгандыгы маалым болгон. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда күбөлөр суралып, ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE