Пример HTML-страницы

Ноокатта 20 жаштагы жигит каза болуп, 6 адам ооруканага түштү. Алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы жол-транспорт кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, кырсык кечээ, 1-июлда болгон. Ошондой эле унаада бар жаткан жүргүнчүлөр жабыркап, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, 1-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 20-чакырымында Гулистан айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну Я.З. «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн чыгышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай, карама-каршы багытта келе жаткан «Хендай Портер» унаасы менен кагышкан. Аталган унааны Гулистан айыл аймагынын 1979-жылы туулган тургуну А.И. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, аталган айыл аймактын Бостон айылынын 2004-жылы туулган тургуну Т.П. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочусу 3.Я., жүргүнчүлөрү — 2008-жылы туулган Т.А., 2003-жылы туулган А.М., 2005-жылы туулган Ж.И. жана «Хендай Портер» автоунаасынын айдоочусу И.А., жүргүнчүсү — 2008-жылы туулган М.М. жаракат алып, Ноокат аймактык ооруканасына кайрылышкан.

Ноокат аймактык ооруканасынан билдиришкендей, жалпы 6 адам ооруканага түшкөн. Анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө, үчөө травматология бөлүмүндө жатат. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптардын биринин абалы өтө оор деп бааланып, ал шок абалдан чыга элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE