Пример HTML-страницы

Ноокатта 14 жаштагы өспүрүм бакка асынган абалда табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында 14 жаштагы өспүрүм бала бакка асынган абалда табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 31-майында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Таш айылынын М.У. аттуу тургуну (жаш өспүрүм) үйүнүн короосунда өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесин соттук-медициналык экспертизанын өткөрүүдөн ата-энеси жана жакын туугандары баш тарткандыктан сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE