Пример HTML-страницы

Ноокатта 13 жаштагы кыз тамчылатма дары алгандан кийин көз жумду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районунда 13 жаштагы кыз тамчылатма дары (капельница) алгандан кийин каза болду. Окуя 2024-жылдын 16-мартында болгонун Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Ал эми Ноокат райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Марсель Абдыкеримов тастыктаган маалымат боюнча, маркум кыз 3 жашынан бери астма оорусунан жабыркап келген.

«Ал кыз Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну экен. 3 жашынан бери астма оорусу менен жабыркап, Барын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан дарыланып келген. Ооруканага апасы менен оор абалда келген. Дароо тамчылатма дары жасашкан, ал кан тамырга түшкөндө эле кыз эсин жоготкон. Тез жардам чакырып, ал келгенче дарыгерлер реанимациялык жардам көрсөтүшкөн. Бирок ага карабастан кыз каза болуп калган.

Жакындары арызданган эмес, биз өзүбүз милицияга, прокуратурага кабарлаганбыз. Соттук-мединициналык экспертиза дайындалды, жакынкы күндөрү жыйынтыгы чыгат. Экспертизанын жыйынтыгы менен эмнеден улам каза болгону аныкталат», — деди Абдыкеримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE