Ноокатта үйүнөн акча алып кеткен 23 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда 23 жаштагы кыз изделип жатат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-сентябрында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Көк-Жар айыл аймагынын 1965-жылы туулган К.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 17-сентябрь күнү кызы — 2001-жылы туулган Ж. кызы А. үйүнөн акча каражатын алып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдар боюнча багыттамалар берилип, күбөлөр суракка алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️