Пример HTML-страницы

Ноокат шаарынын вице-мэри болуп Мухамедажы Парпиев дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат шаардык мэриясына жаңы вице-мэр болуп 29 жаштагы Мухамедажы Парпиев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка кечээ, 6-июнь күнү кол коюлуп, бүгүн, 7-июнь күнү жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин Мухамедажы Парпиев мэриянын муниципалдык менчик департаментинде иштеп келген.

Парпиев Мухамедажы Махаматсалыевич 1995-жылы 13-мартта туулган.

Билими:

— 2013-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер факультетинде окуган;

— 2015-2017-жылдары Ош технологиялык университетинин аскердик кафедрасында билим алган;

— 2019-жылы Ош мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер факультетинде окуган.

Эмгек жолу:

— 17.11.2017-31.05.2021 — Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгында адис;

— 31.05.2021-06.05.2024 — Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгында адис, директордун милдетин аткаруучу;

— 06.05.2024 — Ноокат шаардык мэриясында сектор башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE