Пример HTML-страницы

Ноокат шаарынын мурунку вице-мэри Пазыл Бактыбаев жаңы кызматка дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushПазыл Бактыбаев Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ноокат райондук администрациясы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 3-июнунда кол коюлду. Жаңы жетекчи бүгүн жамаатка тааныштырылат.

Пазыл Бактыбаев буга чейин Ноокат шаарынын вице-мэри болуп иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2023-жылдын ноябрь айында дайындалган болчу.

Ал эми Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн буга чейинки башчысы Бакыт Козуев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2022-жылдын ноябрь айында дайындалган.

Пазыл Бактыбаевдин резюмеси:

Жогорку билимдүү. 2000-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

— 2017-жылдын 27-январынан баштап Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

— 2012-жылдын 13-августунан 2013-жылдын 31-майына чейин Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык сектор башчысы;

— 2012-жылдын 9-февралынан 2012-жылдын 13-августуна чейин Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

— 2010-жылдын 3-мартынан 2011-жылдын 15-мартына чейин Чоң-Алай районунун Жекенди айылдык округунда жооптуу катчы;

— 2005-жылдын 1-сентябрынан 2010-жылдын 1-февралына чейин Чоң-Алай районундагы С.Осмонов атындагы орто мектебинде уюштуруучу жана орус тилчи, адабиятчы мугалим;

— 2008-жылдын 5-октябрынан 2010-жылдын 1-мартына чейин Кара-Тейит айылынан Жекенди айылдык кеңешинин депутаты;

— 2004-жылдын 9-ноябрынан 2005-жылдын 1-сентябрына чейин Ош шаарындагы №17 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE