Пример HTML-страницы

Ноокат районундагы селде 125 үйгө зыян келтирилген

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, Абшыр-Ата аймагында сел жүрүп, 125 үйгө зыян келтирилген. Анын ичинен 25 үйдүн короосуна жана жер төлөсүнө суу кирген. ӨКМден 7 техника тартылып, 130 кызматкер, жергиликтүү бийликтен 450 адам иштеп жатат. Бир бала бакчага суу кирген. Ал тазаланып бүттү.

Алдын ала маалымат боюнча 3 үй авариялык абалда турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE