Ноокат районунда 4 объект пайдаланууга берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районунда 4 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Т.Кулатов айыл аймагындагы №28 Абшыр-Ата үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, Арык-Тейит айылындагы милиция кызматкерлеринин аймактык таяныч пунктунун имараты, Кулуштан айылына курулган «Кулуштан казы» аркасынын курулушу аяктады. Ошондой эле Абшыр-Ата айылындагы «Жаша балалык таңы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты оңдоодон өткөрүлдү.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, район акими Жакыпбек Субагожоев, Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Аышрбек Ахунов, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиев жана айыл тургундары катышты.

«Өткөн жумаларда бул аймактагы суу каптоо учурунда облустун бардык кызматтары ушул жерде болдук. Ал күндөр артта калып, мына жакшы саамалыктарга күбө болуп отурабыз. Ошол күндөрү мамлекеттин күчү, дарамети бар экенин өз көзүңөр менен көрдүңөр. Дароо электр жарыгы берилип, миңдеген жарандарыбыз куткарылып, таза сууга облус башчысы тарабынан 9 миллион сом бөлүнүп, ал дагы калыбына келтирилди. Жергиликтүү тургундардын ынтымагы менен кырдаалдан чыктык. Эң өкүнүчтүүсү сел өлүм менен коштолду. Адам өмүрүнөн башкасын баарын ордуна келтирсе болот. Ошондуктан жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу баарынан маанилүү. Жергебизде ар дайым жакшылыктар болсун, элибиз аман болсун. Бүгүн бул аймакта 4 объект пайдаланууга берилип, алгылыктуу иштер аткарылууда. Өлкөбүздө жакшы саамалыктар көп болсун», — деди Курбанбек Айтибаев.

1) №28 Абшыр-Ата үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулушунун сметалык баасы 22 млн 352 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Абшыр-Ата жана Кожо-Арык айылдарынын 8000 тургунун тейлейт.

Пример HTML-страницы

2) Арык-Тейит айылындагы милициянын аймактык таяныч пунктунун курулушунун сметалык баасы 1 млн сомду түзөт. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан керектүү эмеректер алынып берилди.

3) «Жаша балалык таңы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалынын имараты учурунда Абшыр-Ата ФАП болуп курулган. ФАП жаңыдан ачылган амбулаторияга көчүп чыкандан кийин 50 орундуу бала бакча болуп өзгөртүлдү.

Бала бакчанын имаратынын ички жасалгалоо иштери бүтүп, эмеректери келген. Ата-энелер тарабынан керебеттер, демөөрчүлөрдөн кийим салынуучу эмеректер жана айыл өкмөтүнөн ар бир бөлмөмө килем салынып, сырткы жасалгалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Жалпы аткарылган жумуштардын сметалык баасы 3 млн 300 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сом, эл тарабынан 300 миң сом акча каражаты сарпталган.

4) Кулуштан айылындагы «Кулуштан казы» аркасынын курулушунун сметалык баасы 750 миң сомду түзүп, анын 200 миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланса, калган каражат жааматтар тарабынан берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️