Пример HTML-страницы

Ноокат округунан талапкер Артыкбай Абдивалиевдин үстүнөн арыз түштү

Акыркы жанылыктар

Turmush№5 Ноокат округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Артыкбай Абдивалиевдин үстүнөн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыз түштү. Бул маалыматты Тurmush басылмасына БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, арызда А.Абдивалиев мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөнү айтылган. БШК арыз кимден түшкөнүн тактаган жок.

Алдын ала маалымат боюнча, талапкер өзү жашаган айылда тургундар менен жолугушкан. Ал тургундар колдосо, шайлоого аттана турганын айткан.

Жолугушууда тартылган видео социалдык тармакка тарады.

——————————————

№5 Ноокат округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. БШК буга өзү жазган арыз негиз болгонун билдирген.

2024-жылдын 27-майына карата, №5 Ноокат округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 11 адам арыз берди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 30-майда аяктайт.

Талапкерлердин тизмеси:

Ажикулов Бакытбек Турсуналиевич (13.06.1985), Т.Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Айбек айылынын айыл башчысы

Таабалдыев Болотбек Токтосунович (01.09.1976), убактылуу иштебейт

Абдикеримов Каныбек Айдарович (20.04.1975), УКМКнын ардагери

Кыланов Касымбек Өмүрбекович (18.11.1987), жеке ишкер

Дуванаева Гүлнара Качкынбековна (13.10.1963), жеке ишкер

Төлөнбаев Санжарбек (26.05.1980), УДПКР спорт комплексинин директору

Кудайбердиев Элдар Абдималикович (23.07.1969), убактылуу иштебейт

Абдивалиев Артыкбай Турабидинович (21.05.1969), жеке ишкер

Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович (01.02.1985), убактылуу иштебейт

Айдосов Айболот Абдурахманович (27.07.1986), убактылуу иштебейт

Марипов Бакытбек Асамидинович (10.11.1988), убактылуу иштебейт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE