Пример HTML-страницы

Ноокат милициясынын өздүк курамы айгай белгиси менен түп көтөрүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-майда саат 07:00дө Ноокат РИИБдин өздүк курамы жана ардагерлер айгай белгиси менен түп көтөрүлүп, катарга тизилишти. Анда бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин белгиленген тапшырмаларды аткарууга күжүрмөн даярдыгы жана талаа капка салынган тийиштүү боюмдар текшерилди.

Андан кийин Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ноокат—Ош унаа жолу менен аскердик жөө жүрүш жасап, тоо бооруна «Кыргыз милициясына 100 жыл» жазуусун таш менен жазышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аркан тартыш, таш көтөрүү жана тулку бойду, колду бүгүп көтөрүү (отжимание) боюнча оюндар уюштурулду.

Иш-чаранын максаты өздүк курамдын кесипкөйлүүлүгүн арттыруу, кызматкерледин ар кандай шартта күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда ынтымагын бекемдөө жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл толгондугун даңазалоо болуп саналат.

Спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө жетекчиликтин ардак грамоталары тапшырылды. Кызматкерлер бир күндүк аскердик жөө жүрүш убагында буюм капка салынган атайын тамак-аштар менен талаа шартында түштөнүштү.

Ал эми ардагерлер жаш кызматкерлерге насааттарын айтышты. Соңунда кызматкерлер патриоттук ырларды аткарып, кайра аскердик жөө жүрүш менен кайтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE