Немис тилинде ээн-эркин сүйлөп, жолдошун таң калтырган Керез Манапова

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары Түп районунун Каркыра айылынын 70 жаштагы тургундары Бекболсун Жумадылов жана Керез Манапова. Алар менен аймактык кабарчы маек курду.

Айдоочулук кесипти аркалаган Бекболсун Жумадылов 23 жашында жаш мугалим болуп, жумушка орношуп келген Керез Манапованы өмүрлүк жар кылып, айылга алып калган. Түгөйлөр 47 жылдан бери бирге түтүн булатып, 3 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүп, 15 неберелүү болушкан.

«Мен эл агартуу тармагында 40 жыл эмгектендим. 1954-жылы Ак-Суунун Ичке-Жергез айылында жарык дүйнөгө келгем. Мектепте билим алып жүргөндө мектебибизге немис тили сабагынан кычырап кийинген жаш эжей келди. Мен анын турган турпатын өзүмө идеал тутуп, чет тилине болгон кызыгуум ойгонду.

Ошону менен Каракол шаарындагы азыркы Т.Сатылганов атындагы лицейди аяктап, Бишкек шаарындагы Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун чет тилдер факультетине тапшырдым. Окуу жайды аяктагандан кийин Каркыра айылына иштөөгө жөнөтүштү. Ал жактан балдарга чет тилинен, орус тилинен сабак берип, тарбиячы, директордун орун басары болуп, жалпы 40 жыл эмгектенип, пенсияга чыктым.

Жаш кадр болуп келгенде Канимет Жангорозов мектептин директору, жубайы директордун орун басары болчу. Жаштарга үлгү болуп, көп тажрыйба беришти. Жумушка олуттуу мамиле кылып, тартипти катуу кармачу», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Колхоз, совхоз мезгилинде сакмалга саанчы болуп, ошол эле убакта чабандардын балдарына тарбия беришкен.

«3-4-ферманын окуучуларын 9 жылдык мектебине кабыл алчубуз. Кез-кезде мектептен үйлөрүнө качкандар болчу. Агайыбыз эмне кылсаңар да алып келгиле дечү. Анан кээде унаа чыкпаса кышкысын кар жиреп, фермага жөө барып, балдарды алып келген күндөр болду. Эң негизгиси өзүм сүйгөн кесибимден агарып-көгөрүп, «Билим берүүнүн мыктысы» наамын алдым», — деди К.Манапава.

Немис, орус тилинде эркин сүйлөйт.

«Мектептин программасында немис тили жок болсо да, неберелерим үйрөнгүлөрү келишет. Жаш кезимде үйрөнгөн тилди азыр да эркин сүйлөй алам. Каркыра жайлоосуна келген саякатчылар менен баарылашып, котормочу болуп берем. Айрым учурда жолдошум ачуума тийсе, немис тилинде жооп кайтарып урушуп койсом, көңүлүнө албай мактап жатат деп сүйүнүп калат.

Негизи жаш кезимде Дубай, Германия, Түркияга барсам деп кыялдангам. Балким тилегим ишке ашып калышы мүмкүн. Ага чейин биздин аймак туризимдин очогуна айланып, котормочу болуп иштесемби деген максатым бар», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Ал эми Бекболсун Жумадылов 1954-жылы Түп районунун Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал айдоочулук кесипти аркалап, жайлоодон сүт чогултуп, районго ташып баруу кызматын аткарган.

«Байбичем экөөбүз уул-келиндин кызматын, кыз-күйөөнүн урматын көрүп жаткыныбызга шүгүр кыламын. Байбичем жаш кезинде кандай эмгекчил болсо азыр деле үйдө бош отура албайт. Чакан айылыбызда мал кармайбыз. Байбичем күндө таң сүргөндө туруп, 10 чакты уй саап, тиричилик жүргүзөт.

Мен жаштыгымды айдоочулук менен өткөрдүм, айылдын сүтүн чогултуп, сүт заводго өткөрчүмүн. Анан унаа аз болгондугуна байланыштуу, жол тоскон жергиликтүүлөрдү район борборуна чейин алып барчумун. Кез-кезде кош бойлуу келиндерди толготуп жатканда оорукана алып бараар элем. Ошондой күндөрдүн биринде унаанын ичинде төрөттү кабыл алып киндик ата болгом. Азыр турмушубуз жакшы жагына өзгөрүп, өнүгүп келе жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️