Насыя үчүн Россияда иштеп жүргөн аялына өчөшкөн тургун уулун кордогон. Окуянын видеосу тарады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда уулун урушуп, видеого тарткан ата милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 12-сентябрь күнү белгисиз атуул жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео Whatsapp тайпаларга тарап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып жаткан белгисиз жаран Алай районунун 1985-жылы туулган тургуну И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон.

Милиция кызматкерлери видео тасмадагы жаш баланы дарыгерлерге көрсөтүп, денесинде эч кандай жаркат байкалган эмес. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Пример HTML-страницы

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Социалдык тармакка тараган видеодон атасы уулун тилдеп, эшикке чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Алай районунун Курманжан датка айыл аймагындагы Кабылан-Көл айылында болгон.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Женишбек Орозбай уулунун айтымында, баланы таякелери алып кетти.

«Бул окуя болгонуна бир топ күн болуптур. Ошол күнү окуяны тартып, аялына жиберген экен. Участкалык милиция тактап, баланы таякелери алып кетиптир», — деди ал.

Ал эми Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Батина Токобаеванын маалыматына караганда, аталган жаш баланын апасы миграцияда.

«Биздин кызматкерлер милиция кызматкерлери менен бирге ошол айылга кетишкен. Насыясы бар болгон үчүн баланын апасы сыртка иштегени кеткен. Эки баласын өзүнүн туугандарына таштап, бул баласын атасына таштаптыр. Кошуналары окуяны тартып, социалдык тармактарга чыгарып салышыптыр.

Баланын денесинде так жок. Ошого карабай экспертиза дайындалды. Атасы деле зыянкечтиги бар киши эмес экен. Кичине колунда жок. Буга чейин пахса [ылай] менен үй салыптыр. Үйдөн жаракат кетип, аялы үй салуу үчүн Россияга 4 ай мурун кеткен экен. Бул киши өзү сарай салып жатыптыр. 4 баласы таенесинде болгон. Атасын сагынгандыктан алып келишкен. Аялы Россияда идиш жууп иштеп жатканы маалым болду. Экөө телефондон сүйлөшүп, таарынышып кетишкен. Видеону аялына тартып жөнөтүптүр. Аялы жардам сурап, видеону тааныштарына жөнөткөн», — деди Токобаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️