Пример HTML-страницы

Нарзан айыл өкмөтү электромобилдүү эки унаа сатып алды. Алар менен таштанды ташылат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Нарзан айыл өкмөтү таштанды ташуучу 2 электромобилдүү унаалуу болду. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

ААРден кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, борбору Бедоводск айылы болуу менен жаңы аталыштагы Нарзан айыл өкмөтү түзүлгөн.

Айыл аймакта 90го жакын ички көчө жайгашкан. Таштанды ташуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 470 миң сомго 2 электромобилдүү унаа сатып алынган. Алардын ар бири 235 миң сомдон турат.

Буга чейин таштанды ташыган 5 унаа болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE