Пример HTML-страницы

Нарындын тургуну Талас шаарынын жашоочуларын 10 млн сомго алдоого шектелип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун тургуну алдамчылыкка шектелип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Талас ШИИБге Нарын облусунун 1987-жылы туулган тургуну Ө.А.нын үстүнөн 18 арыз жазылган. Анда Талас шаарынын аймагында жарандардын ишеничине кирип, алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, уюлдук телефондорун, автоунааларын сатып алып, акчаларын бербей качып жүргөндүгү айтылган.

Жалпы чыгым 10 миллион сомду түзүүдө.

Бул жарандан жабыр тарткан башка кишилер дагы болушу мүмкүн.

Аталган адамдан жабыр тарткандар болсо 0702 554299, 0501717120, 03422 5 23 10 номурларына (нөөмөт бөлүмү) кайрылыша алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE