Нарындын Миң-Булак айыл өкмөтүндө муниципалдык билим берүү борбору ачылды

TurmushНарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө алгачкы жолу билим берүү борбору ачылды.

Ачылыш аземине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Анара Орозказиева, Миң-Булак айыл башчысы Курманбек Кудайбергеновдор катышты.

Борборду уюштуруу демилгесин жергиликтүү жаштар көтөрүп чыгышкан. Бул жай айылдын экономикасынын көтөрүлүшүнө салым кошуучу жай болуп саналат. Анда кесиптер, окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо, укук, үй-бүлө, бизнес, чет тилдерин үйрөтүү боюнча окуулар өтөт.

Борбордун ачылышы менен 5 жумушчу орун түзүлүп, алдыда айылдагы 3 мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТга даярдана алышат. Андан сырткары аталган борбордон жалпы айыл тургундары билим алууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️