Нарындык тургун ишембиликке катышкандан кийин иши сотко чейин жетти. Ал окуянын чоо-жайын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын 34 жаштагы тургуну Эсенбек Белеков ишембиликте бак тегиздегенден кийин мамлекеттик органдар менен соттошуп жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, Нарын шаарынын Ленин 17 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн тосмосунун ичиндеги кара бакты тегиздегени үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасы менен январь айынан бери соттошууда. Ал кошуналары менен ишембилик өткөргөн.

«2023-жылдын сентябрь айынын ортосунда мэриянын жалпы тапшырмасы менен бардык жерде ишембилик өткөрүлгөн. Биз дагы кошуналар менен көп кабаттуу үйдүн алдын иретке келтирүү максатында тазалоо иштерин кылдык. Ошол убакта тосмонун алдындагы майда кара бактарды иретке келтирип, тегиздөө иштерин жүргүзгөм.

Ошол бак тегиздегеним үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасы тарабынан 4 адам келип, мага акты түзүп кетишкен. Ал актыны Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө «мыйзам чегинде чара көрүп бергиле» деп жөнөтүшкөн.

Учурда мен бул иш боюнча суралып, актала албай келем. Ден соолугума дагы көп зыяны тийип жатат. Чындык үчүн күрөшүп, акыйкаттык издеп жүрөм. Тиешелүү жогорку бийлик менин чечилбей келе жаткан маселемди карап бересиздер деп ишенем.

Пример HTML-страницы

Мага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып коюлуп, 10 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келди деп айып пул да салынган. 5 жолу сот отуруму өттү. 2024-жылдын 24-июлунда акыркы отурум болгон. Ага акты жазган инспектор да келди. Сотто түзүлгөн актыда ката бар экени аныкталып, актоо өкүмүн чыгарды. Прокурор ишти кайтаруу жөнүндө өтүнүч келтирип, сот өтүнүчтү канааттандырды. 10 күндүн ичинде ишти прокуратурага жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алынды. 10 күндүн ичинде Нарын облустук сотуна апелляциялык даттануу келтиргем. Облустук соттун отуруму 22-августка белгиленген. Апелляция даттанууда шаардык соттун токтомун жокко чыгарып, мени актап берүүнү сурангам. Бирок шаардык соттун токтому күчүндө калтырылды. Тергөө болот дешкен, азырынча чакырыша элек. Облустук соттун аныктамасында даттанууга жатпайт деп жазылган. Ошондуктан Жогорку сотко жазган катым жетпей жатат», — деди ал.

Эсенбек Белеков ага айып пул салууда кара бактын ордуна жаңгак багы кыйылган деп туура эмес жазылганын кошумчалады. Анын айтымында, Нарын шаардык соту айып пул чегерүү тууралуу актыны жокко чыгарган.

Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) 1-бөлүгү: Олуттуу өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо же болбосо корголуучу же жашылдандыруу чөлкөмдөрүндө дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, ошого тете ар кандай жерлерде өзгөчө корголуучу дарактардын, же болбосо өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнүн алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн (50 00 сом) 1000 (100 000 сом) эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 9-январь күнү А.Р. аттуу жарандын социалдык тармактагы баракчасына «Нарын шаарында бак-дарактар тийиштүү мекеме жана ишканалардын уруксаты жок кыркылып жатат» деген макаланын негизинде мыйзам чегинде чечим кабыл алынсын деген маалымат 2024-жылы 16-январда Нарын ШИИБге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынан жолдомо кат менен кошо материалдар келип түшкөн.

Аталган факт Нарын ШИИБдин каттоосуна катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️