Нарындык Динислам Бакытбеков Түркиянын аскердик институтунда окуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 20 жаштагы тургуну Динислам Бакытбеков Түркия өлкөсүнүн аскердик институтуна окууга өттү. Бул тууралуу анын апасы Гүлнара Алпарова билдирди.

Маалым болгондой, Динислам Бакытбеков 2004-жылы 20-апрелде Баетов айылында туулган. 2011-2022-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде билим алган. 2022-2024-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын маалымат технологиясында 2 жыл билим алган. Ушул жылдын сентябрь айында Түркия өлкөсүнүн аскердик институтуна окууга өткөн.

«3 уул, 1 кызыбыз бар. Динислам экинчи уулубуз. Ал кичинекей чагынан бери эле «Аскер адамы болом» дечү. Биз каршы болуп, юридикалык академиянын маалымат технологиясы жагына окутуп салганбыз. Бул окууну 2 жыл окуп, улантпай таштап салды. Быйыл сентябрда Түркиянын аскердик институтуна окууга тапшырып, жалаң жакшы баалар менен өтүп кетти. Бюджеттик институт экен. Ал аскер институту Кыргызстанга 2 гана квота бериптир. Динислам менен кошо Баткен облусунан дагы бир бала өттү. 5 жыл Анкара шаарында билим алат. Өзү дагы физика, химия, орус тили, англис тили, тарых, математика сабактарынан кайрадан кошумча билим алып, окуп чыкты. Балдар окугусу келсе өздөрү эле аракет кылып окуй берет экен», — деди апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️