Turmush — Нарын облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, рейд 11-16-февраль күндөрү өткөн.
Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаранын жүрүшүндө облус аймагында жол эрежелерин бузган жалпы 471-айдоочу аныкталып, Укук бузуу жөнүндөгү кодексинин беренелеринин негизинде бузуу протоколдор толтурулду.
Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен:
— мас абалында автоунаа башкарган — 11 айдоочу;
— ылдамдыкты ашырып айдаган — 147 айдоочу;
— жол белгилерине баш ийбеген — 109 айдоочу;
— коопсуздук курун тартынбай айдаган — 81 айдоочу;
— жол чыракка баш ийбей айдаган — 2 айдоочу;
— автоунаалардын документтери жок башкарган — 12 айдоочу;
— айдоого укугу жок автоунаа башкарган — 3 айдоочу;
— автоунаага мамлекеттик белгисин коюу эрежелерин бузган — 5 айдоочу;
— транспорттук каражаттарды каттоо тартибин бузган — 4 айдоочу;
— эксплуатациялоого тыюу салынган техникалык мүчүлүштүктөрү бар транспорт каражатын башкарган — 2 айдоочу;
— техникалык каттоодон өтпөгөн — 11 айдоочу;
— автоунааларына кошумча жабдык орнотуп алган — 5 айдоочу;
— транспорт каражаты адамдардын санына карата талаптарын бузган — 1 айдоочу;
— токтоп туруу же токтоо эрежелерин бузган — 8 айдоочу;
— каттодон убактылуу токтотулган — 34 айдоочу;
— каршы тилкеге чыгып айдаган — 6 айдоочу;
— чет элдик жана юридикалык жактарга тиешелүү болгон автоунааларды өз убагында камсыздандыруу полисин албай айдаган — 2 айдоочу;
— транспорт каражатынын мамлекеттик белгиси жок башкарган — 1 айдоочу;
— айып короолорго токтотулгандар — 67 унаа;
— жолдо жүрүү эрежелерин бузган — 2 жүргүнчү болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.