Нарындагы кырсыктан кийин 3 адам каза таап, 14 адам жабыркады. Тизме

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-июлда Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы жол кырсыктан 3 адам каза болуп, 14 адам жаракат алды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 281-чакырымында, Долон ашуусунда «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус жолдон чыгып, кырсыкка кабылды.

Кырсыктан кийин Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 10 адам жеткирилди. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылды, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор деп бааланууда. Ал эми 4 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Жол кырсыктан жаракат алгандар:

1. 1959-жылы туулган К.Ж.Т. (аял киши), ал башынан, денесинен жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу оор.

Пример HTML-страницы

2. 1984-жылы туулган А.к.Н. (аял киши), ал башынан, денесинен жаракат алган.

3. 1970-жылы туулган Р.Т. (аял киши), ал башынан жаракат алган. Травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу.

4. 1993-жылы туулган Б.Н. (аял киши), ал башынан, денесинен жаракат алган. Травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу.

5. 2004-жылы туулган М.А. (кыз бала), башынан, денесинен жаракат алган. Травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу.

6. 2019-жылы туулган М.Р. (кыз бала), башынан оор жаракат алган, балдардын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу оор.

Ошондой эле аталган кырсыктан жабыркаган 4 адам Кочкор райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборуна жеткирилген. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүнө, экөө хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Ал эми каза болгон 3 адамдын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Маркумдардын аты-жөнү такталып жатат.

Жаракат алгандар:

1. 1950-жылы туулган Ж.Б. (аял киши), башынан, денесинен жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

2. 1962-жылы туулган Ж.С. (эркек киши), башынан, денесинен жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

3. 2004-жылы туулган Ш.у.Н. (эркек бала), башынан, денесинен жаракат алган. Хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

4. Ж.у.Н., башынан жаракат алган. Хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Оор абалдагы бейтаптарга санавиация аркылуу нейротравматолог чакырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️