Пример HTML-страницы

Нарындагы фотокапканга аюу, тоо теке жана карышкырлар түшүп калды. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы фотокапканга аюу, тоо теке жана карышкырлар түшүп калды. Бул тууралуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Эркин Абдыбалиев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдан бери фотокапкандар менен жапайы жаныбарларга мониторинг иштери жүргүзүлүп келет.

«Фотокапкандардын жардамы менен коруктун төмөн жагында жапайы эчки-теке жана илбирстин ареалы (таралуу аймагы) такталды. Жыл сайын көрсөтүлгөн аймактан жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүлүп келет», — деп айтылат маалыматта.

————

Нарын мамлекеттик коругу — 1983-жылы түзүлгөн.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагы бүгүнкү күндө 105519 гектарды түзөт. Коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 104, балыктардын 3, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4, жерде-сууда жашоочулардын 1 түрү кездешет.

Курт-кумурскалар бүгүнкү күндө толук изилденип бүтө элек. Корукта Кызыл китепке кирген төмөнкү сүт эмүүчүлөр бар: илбирс, мадыл, ,сүлөөсүн күрөн аюу, бугу, марал, кулжа, суусар.

Канаттуулардын төмөнкү түрлөрү кездешет: бүркүт, шумкар, көк жору, көкчулдук, кидик бүркүт, сары үкү, шахин, шумкар, мыкыйүкү, кадимки тартар тоок жана кумай. Корукта өсүмдүктөрдүн 600дөн ашык түрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE