Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Нарындагы бардык райондордун милиция кызматкерлери чогулду. Аларга эмне тууралуу эскертилди?

Акыркы жанылыктар

Turmush17-март күнү Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондук, Нарын шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери арасында коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга ички иштер министринин ички иликтөө кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысы — милициянын полковниги Эрик Абдылдаев, Кадрлар башкы башкармалыгынын улук инспектору — милициянын майору Азамат Эсенбеков, ЖКККББнын башчысынын орун басары — милициянын подполковниги Дурусбек Жалилов, ИИМдин Академиясынын кооомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын башчысы — милициянын полковниги Чолпон Кадырова, Нарын ОИИБдин башчысы — милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев катышты.

«Коррупцияга аралашкан кызматкерлердин артынан ички иштер органдарына сөз тиерин жана кызматкердин ата-энеси, үй-бүлө мүчөлөрү, жакын туугандары моралдык жабыр тартарын айтылып, ак ниеттүүлүк менен таза иштөөгө үндөлдү. Ошондой эле ички иштер министри тарабынан коюлган приоритеттүү 7 багытты ишке ашыруу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, милициянын көчмө кабылдама унаасынын ишмердүүлүгүн күчөтүү, жарандардын арыз-даттанууларын мыйзам чегинде чечүү керектигин белгилешти. Анда ИИМдин өкүлдөрү мыйзамдар жана нормативдик актылар боюнча атайын даярдалган лекцияларды окушуп, түшүндүрмө беришти. Кызматтык тартипти сактап, милициянын мыкты образын коомго жайылтууга үндөштү», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкери эң биринчи учурда мыйзамдуулукту так сакташы керектиги, кызматтык этиканы карманууга жана коррупциялык аракеттерге жол бербөөсү зарыл экендигин жана ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, жарандарга жана кесиптештерине сылык мамиле кылууга тийиш экендиги эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE