Нарында улуттук ат оюндары өткөрүлүп, көк бөрү оюнунун баш байгесине автоунаа коюлат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 2-3-ноябрь күндөрү улуттук ат оюндары өткөрүлүп, көк бөрү оюнунун баш байгесине автоунаа коюлат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Улан Казиевдин айтымында, 20-октябрь агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө жана түшүм майрамына карата 2-3-ноябрь күнү Баетов айылындагы «Бермет-Жал» ат майданында улуттук ат оюндары өткөрүлөт.

Ат оюндарында ат чабыш (аламан), жорго салыш, кунан чабыш, тай чабыш, эр эңиш, кыргыз күрөш, кыз куумай жана көк бөрү оюндары бар.

Көк бөрү оюнунун баш байгесине демөөрчүлөр тарабынан жеңил автоунаа коюулары маалым болду. Ал эми калган оюндар үчүн акчалай байгелер берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️