Нарында төрөткананын башкы дарыгери кызматынан кетти

TurmushНарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Барчынай Темирова өз арызынын негизинде башкы дарыгер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков билдирди.

Чыңгыз Нарынбековдун айтымында, бүгүн, 26-мартта төрөт бөлүмүндө 2015-жылдан бери башкы дарыгер болуп эмгектенип келген Барчынай Темирова учурда ээлеген кызматынан бошотуу арызы менен келип, анын негизинде башкы дарыгерликтен бошотулуп, катардагы дарыгер кызматында калды. Анын ордуна аталган бөлүмдүн жаш дарыгери Гүлмайрам Сагынбекова убактылуу дайындалган.

Нарын шаарындагы төрөт үйүндө медициналык кызматкерлер 1995-жылы туулган Мирай Жакыповага хлоргексидин сайышкан. Ал 2 суткадан бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда бейтаптын абалын туруктуу оор. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын тактаган.

Хлоргексидин — сырткы колдонууга арналган антисептик жана дезинфекциялоочу каражат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️