Нарында пробация органынын каттоосунда турган жарандарга электрондук көзөмөл жүргүзүлө баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы Ат-Башы райондук пробация органынын каттоосунда турган жарандарга электрондук көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Нарын облусунун пробация бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көзөмөлдү түздөн-түз жүргүзүү максатында көзөмөлдөөчү электрондук билериктер тагылып, мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөл жүргүзүлө баштады.

Электрондук көзөмөл аркылуу жарандар Ат-Башы райондук административдик бирдиктен пробация органынын уруксаты жок чыгып кетпөөгө, кайталап кылмыштуулуктан жана мындан ары мыйзам бузуудан алыс болуусуна чоң жардам болот.

Мындан тышкары, каттоодо турган жарандардын спирт ичимдиктерден ар кандай жаман адаттарынан алдын алуу жана алыстатуу максатында спорттук оюндар уюштурулуп өткөрүлүп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️