Нарында мектепке алыстан каттаган окуучуларды ташууга 8 кичи автобус берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусундагы мектептерге алыстан каттап окуган балдар үчүн 8 кичи автобус алынып келинет. Бул тууралуу Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 143 орто мектепте 61 миң 178 окуучу билим алса, алардын ичинен 508 окуучу алыскы аймактардан ташылып келет. 14 мектепке окуучулар унаа менен ташылып келет. Ал эми 8 мектепке 479 окуучуну ташыган унаалардын эскилиги жетип, ташууга мүмкүн болбой калгандыктан, Билим берүү жана илим министрлиги 8 автобус бөлүп жатат. Автобустар Нарын шаарына алынып келген соң жер-жерине жеткирилип берилет.

Алар:

1. Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов мектебине;

2. Нарын районунун Лахол айылындагы К.Рысмендиев атындагы мектебине;

Пример HTML-страницы

3. Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек мектебине;

4. Кочкор районундагы А.Мааткеримов атындагы орто мектебине;

5. Кочкор районундагы Теңдик айылындагы К.Бай уулу атындагы орто мектебине

6. Кочкор районунун Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы орто мектебине;

7. Жумгал районунун И.Орозалиев атындагы мектебине 12 чакырымдагы Кең-Суу айылынын кыштоо, сарайларынан 38 окуучуга;

8. Жумгал районунун И.Орозалиев атындагы мектебине 3-7 чакырымдагы Сары-Булуң айылынын сарайларынан келе турган 96 окуучуну ташууга берилет.

  • 30-сентябрда Россиядан Кыргызстанга 50 даана мектеп автобусу алынып келингени кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️