Нарында классташтарынын көз алдында сууга агып кеткен Тимурлан үйдүн кичүүсү болчу. Жакындары эмне дейт?

TurmushНарын районуна караштуу Чет-Нура айылынын 12 жаштагы тургуну Тимурлан Түмөнбаев Нарын дарыясына агып кетти. Окуя ушул жылы 7-мартта болгон. Turmush басылмасынын кабарчысына айыл тургундары издөө иштери тууралуу айтып беришти.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, туугандары, айылдын эли чогулуп, Нарын суусунун ичин, суунун жээктерин карап, издеп жүрүшөт. Алар куткаруучулар келбей, өздөрү издөө ишин жүргүзүп жатканын белгилешти.

Чет-Нура айылынын тургуну Урматбек Акуновдун айтымында, ӨКМ жана РИИБдин кызматкерлери келип, 3 күн издөө жүргүзгөн.

«12 жаштагы бала Нарын суусуна түшүп кеткен. Андан бери табыла элек. ӨКМден, РИИБден балдар келишкен. Ашып кетсе 3 күн издеп жүрүштү, колдорунда эчтеке жок. Жөн эле жөө келип, карап кетип калышты. Долонго көчкү түшүп калганда ошону шылтап, келишкен жок. 15-мартта баланын апасына издөө иштерин токтотуу боюнча кол койдуруп алышыптыр. Үйүндөгүлөр президенттин Нарын облусундагы өкүлүнө кайрылышса, «издөө иштерин токтотууга макул болгон турбайбы» деп коюшкан.

Сууга түшүп кеткен баланын атасы бала 1 жашка чыкканда эле каза болуп калган. Эл өзү издеп жатат, чоң жерлерге чыга алышпайт экен. Жардын түптөрү калып жатат. Айыл эли бөлүнүп алып издөөдө. Алар түңүлбөйт. Сууга агып кеткен баланын атасы абдан жакшы киши болчу. Колунда жогураак болуп, жергиликтүү бийлик реакция кылбай жатат. Эгер жогорку кызматта иштеген адамдан баласы сууга чөгүп кетсе, күнү-түнү издөө иштери жүрмөк», — деди ал.

Тимурлан Түмөнбаевдин апасы Жылдыз Турдалиеванын 5 уулу жана 1 кызы бар. Тимурлан анан эң кичүү баласы болчу.

Пример HTML-страницы

«7-март күнү саат бештерде издеп баштадык. Андан мурда үйдөн 3:30дар чамасында чыгып кеткен. Классташ балдары «ойнойбуз, Нарын суусунун баш жагында муз тебебиз» деп ээрчитип барышыптыр. Алар «муз тээп жатып, сууга түшүп кетти» деп келишиптир. Айыл өкмөттө иштеген адам келип, «издегениңиздерге ыраазымын» деп жаздырып кеткен. Издөөнү токтотуу тууралуу жазган эмесмин. ӨКМден келип, суунун жээгинде ары-бери басып, издеп кетишиптир. Издеп бергиле, токтотпогула деп эле жатам. Алардан жооп жок. Сууда эле бир жерге илинип калдыбы деп ойлоп жатабыз. Балдарым тынбай издеп жатат», — деди ал.

Тимурландын улуу агасы Урмат Түмөнбаевдин айтымында, туугандары менен башка райондордун айылдарынан бери күнү-түнү издеп жатышат.

«Туугандарыбыз, таякелерим, досторум менен болгон жерди карап жүрөбүз. Сууга дагы түшүп, издедик. Ат менен дагы карап жатабыз. Азыр Ак-Талаанын Үгүт деген айылынан издеп жүрөбүз. 18 күн болду. ӨКМге ишенбей калдык. Мен дагы ӨКМде 5 жыл иштегем. Жакшы кара берип коюшса болмок», — деди ал.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы бул окуя боюнча облустук ички иштер бөлүмү маалымат берерин билдирди. Ал эми Нарын ОИИБден ӨКМден маалымат алууга болорун айтышты.

Чет Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Абдраимакунов сууга аккан баланы издөө жүрүп жатканын билдирди.

Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Талантбек Алымкуловдун маалыматы боюнча, бала жоголгондон ушул күнгө чейин өздүк курам издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бүгүн, 26-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы 23-март күнү издөө иштерин улантуу үчүн 7 куткаруучу тартылып, саат 18:45те издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулганын маалымдады. Министрлик билдиргендей, издөө бүгүн, 26-март күнү улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️