Нарында көз жаруу үчүн төрөтканага барган жаш келин жандандыруу бөлүмүнө түштү. Окуя кандай болгон? (видео)

TurmushНарын шаарындагы төрөт үйүндө медициналык кызматкерлер 1995-жылы туулган Мирай Жакыповага хлоргексидин сайышкан. Ал 2 суткадан бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын тактады.

  • Хлоргексидин — сырткы колдонууга арналган антисептик жана дезинфекциялоочу каражат.

Мирай Жакыпованын апасы Апал Шырдакова окуя тууралуу буларга токтолду.

«Мирай Жакыпова 22-март күнү саат 15:00дө төрөт үйүнө басып келип жаткан. Аны жолдошу жана кайненеси төрөт үйүнө алып келип, киргизген. Ай-күнүнө жеткен. 23-мартта саат 09:00дө операцияга кирмек. Мен 23-мартта эртең менен саат 08:30дар чамасында чалсам алган жок. «WhatsApтан жазсам, апа, мен киргени жатам. Даярдап бүттү, азыр кирем» деди. Мен бара жатам деп жазгандарымды окуган жок, чалсак дагы алган жок. Ооруканага келип күттүк, улам биринен эмне болду деп сурасак, бирөө «азыр кан кетип жаткан бирөөнө операция жасап жатат» деди. Дагы күттүк, жооп жок. Саат 10:00дөр чамасында операция жасайт деген дарыгер сыртка чыгып кетти. Ал кайра ичке жарым сааттан кийин колуна таттуулар салынган баштык көтөрүп алып, кирди. Ошентип саат 12 болду. Сурасак дагы кире электигин айтышты. Саат 12:25тер чамасына «операцияга кирди» дешти. Күтүп турдук, 1 саат өттү, дагы эле жок. Саат 13:10дор чамасында баары эле топурап, чуркап калышты. Биз «тынччылыкпы, кызыбыз бир нерсе болдубу, айтып койгулачы?» десек жооп беришкен жок. Медайымды токтотуп алып, сурасак, «азыр билип чыгайын» деп кирип кетти. Саат экиден өтүп калган кезде бир дарыгер реанимациядан чыгып, «Кулчун Рахманов жокпу, каякта?» деп кызымдын кайнатасын сурады. Ал киши дагы ооруканада эле, аны чакырттык. Биз коркуп, «эмне болду, биз кире берели, дайынын билели» десек, болбой коюшту. Ал киши кирип, жарым сааттан кийин чыгып, «менин келиниме башка дары сайып салыптыр» деп чыкты. Эгизим Үпөлдү чакырдым, ал кирип сураштырса, дары эмес, хлоргексидин дегенди сайып салышыптыр. Жакшынакай төрөй турган кызым, ошол бойдон жок», — деди ал.

Мирай Жакыпованын таежеси Үпөл Шырдакова: «Мага 23-март күнү саат 14:30дарда чалып, «туура эмес ийне сайылып калыптыр» дешти. Мен келип, бөлүм башчысына кирип, хлоргексидин деген дары сайылып калганын билдим. Анын эмне болгонун, эмне себептен сайылып калганын, эмне үчүн ал жакта турганын укук коргоо органдары териштирип жатат. Тергөөнүн натыйжасында күнөөлүү кишилер тиешелүү жазасын алат деп ойлойм. Биринчи күндөрү өтө оор абалда болгон, азыр туруктуу оор абалда деп айтып жатышат. Күнөөлүүлөр табылып, жазасын алат деген ойдомун. Азыр кызыбыз өзүнө келип, башын көтөрүп берсе экен деп Кудайдан тилеп жатабыз», — деди.

Бейтаптын кайнатасы Кулчун Рахманов атайын комиссия чакыртарын билдирди.

Пример HTML-страницы

«22-мартта жакшынакай акыл-эси менен өзү басып жүрүп эле ооруканага келген. 23-мартта туура эмес дары сайгандыгынын натыйжасында оор акыбалга түшүп калды. Бул иш боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатышат. Мунун чын-бышыгына жетиш үчүн убакыт талап кылынат окшойт. Мен 25 жылдан бери Нарында жашаган тургун катары айта кетсем, бул биринчи жолку окуя эмес. Жыл сайын ушул төрөт үйүндө ушундай окуялар катталат. Бул эми кайдыгерлик. Кандай болсо дагы операция кылуучу медайым ийне сайыш керек. Мында акушер өз билемдик менен сайып салып, адам өмүрүнө коркунуч келтирип отурат. Бул сабак болуш керек. Бул төрөт бөлүмүндө шалаакылык болуп кеткен. Өз билгендерин кылып, ким акчалуу болсо анын чөнтөгүн аңдып, акчалууларды жакшы карап, төмөнүрөөк жашаган катмардагыларды карап да коюшпайт. Келиним кандай басып кирди, ошондой чыгарып беришсин. Ички организминин баары ууланды да, ага компенсация төлөп, дарылатып беришсин. Андан сырткары бул иш боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен атайын комиссия чакыртам», — деди Кулчун Рахманов.

Жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Жылдыз Өскөнбаеванын айтымында, мындай окуя биринчи ирет катталып жатат. Ошондуктан кийин кандай терс таасирлер болорун айта алышпайт.

«Бул кырсык, адамдык фактор деп коебуз. Бул боюнча тергөө иштери болуп жатат. Мунун жыйынтыгын тергөө чыгырат. Ар бирибизде каталар болот. Албетте, бул иш одоно ката. Калганын тергөө өз ишинин жыйынтыгы чыгарат. Туура эмес дарыны акушер куюп жатат.

Бейтаптын абалы туруктуу оор, ал аппаратта жатат. Болгон дарыларын берип жатабыз. 2 суткадан бери атайын аппаратта кармадык. Себеби өпкөсүнүн жабыркаганынан улам атайын аппарат менен дем алдырып жатабыз. Өзү акырындан дем алып жатат. Мындай окуя бизде биринчи жолу болуп жатат. Ошондуктан кийин бөйрөккө же боорго кандай таасир берет билбейбиз. Алдын ала бөйрөк, боорун жакшырткан витаминдүү комплекстүү дарыларды берип жатабыз. Жылыш кичинеден болуп жатат. Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткандыктан кийин кандай терс таасир берерин айта албайбыз», — деди Ж.Өскөнбаева.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков: «23-мартта төрөт үйүнө Мирай Жапарова аттуу бейтап 39 жумалык мөөнөт менен келген. Ал экинчи жолу операция жолу менен көз жармак. Бул пландалган операцияга жатат. Операциянын алдында операция алдындагы профилактика деп коет, мында кан тамырга антибиотик — цефозалин сайылышы керек. Бул жерде эки кызматкер — акушер жана операциялык медайымдын бирөөсү тазалоочу дарыны шприцке толтуруп, убагында спиртке кошпой коюп, экинчиси цифозалинди шприцке толтуруп койгон. Шприцтер окшош болот. Анестезиолог билбей, кан тамырга спиртке кошчу затты сайып баштайт. Бейтап колу ачышып баштаганын айтканда ал кызматкер башка зат экенин байкап, башка кан жоготуп жаткан бейтапты оперция кылып жаткан анестезиологдорго айтып, чакыртышат. Алар келип, дароо наркоз берип, операция жолу менен төрөтүшкөн. 3 жарым килограмм салмактагы дени сак кыз төрөлгөн. Энесинде аллергиялык реакция жүрүп, шишип, аппаратка жаткырылган. Азыр абалы туруктуу оор. Ойгонгондо элди таанып жатат. Бирок кан басымы көтөрүлгөндүктөн медикаменттик уйкуда.

Азыр аталган эки кызматкерибиз убактылуу жумуштан четтелди. Тергөө, иликтөө иштеринин бүтүшү менен жыйынтык чыгарылат. Бул окуя адамдык фактордон улам болуп калды», — деди.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, арыз Нарын ШИИБ тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Прокуратурага арыз Р.К. аттуу адамдан келип түшкөн. Анда 1995-жылы туулган Ж.М. төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан туура эмес дары, тактап айтканда хлоргексин сайылгандыктан жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылат. Ал бул окуяга тиешеси бар кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️