Нарында күйөөсү бычактап жаткан аялдын өмүрүн сактап калган милиционер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын «Он-Арча» базарында күйөөсү кол салган аялдын өмүрүн сактап калган милиция кызматкерине бүгүн, 3-сентябрда Нарын облусунун жетекчилиги тарабынан сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын РИИБдин тергөөчүсү Жеңиш Мукамбетовго облус жетекчилигинин ыраазычылык каты жана 10 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Жеңиш Мукамбетовдун айтымында, окуя учурунда ал башка жумуштар менен «Он-Арча» базарынын 1-кабатында жүргөн. Ызы-чуу чыгып жатканын угуп, 2-кабатка көтөрүлүп, бычак сайылып жаткан аялды күйөөсүнүн зомбулугунан куткарып, өмүрүн сактап калган.

«Ошол учурда дагы бир байке жардам берген. Бирок аны таппай атабыз», — деди Мукамбетов.

Күйөөсү бычак сайган 41 жаштагы С.А. аттуу аял Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу.

Пример HTML-страницы

Анын күйөөсү М.Н. окуя болгон жерде дароо кармалып, камакка алынган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункту (бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул иш Нарын облусунун жетекчисинин, Нарын облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️