Нарында хоккей боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Нарында хоккей боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-февралда Нарын шаарында хоккей боюнча республикалык тунирдин финалдык беттеши өтүп, жеңүүчүсү аныкталды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, турнирге катышкан 8 командадан «Кыргыз темир жолу» (Бишкек шаары) командасы менен «Нарын шумкарлары» (Нарын шаары) командасы финалга чыгып, беттеште 3:1 эсебинде Нарын шаарынын командасы утуп чыкты.

Жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

— 1-орунду камсыз кылган «Нарын шумкарларына» (Нарын шаары) 100 миң сом;

— 2-орунду алган «Кыргыз темир» жолуна (Бишкек шаары) 60 миң сом;

— 3-орунду алган «Жумгал-Шортонго» (Жумгал району) 40 миң сом;

— 4-орунду «Ардагер шумкарларга «(Нарын шаары) 20 миң сом тапшырылды.

Мындан тышкары 5 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды:

  • Эң мыкты дарбазачы — Урматбек Турсунбеков («Нарын шумкарлары»);

  • Эң мыкты оюнчу — Адилет Альчикенов («Жумгал-Шортон»);

  • Эң мыкты бомбардир — Эдил Өмүрбеков («Кыргыз темир жолу»);

  • Эң мыкты чабуулчу — Турсунбек Урматов («Ардагер шумкарлар»);

  • Эң мыкты калыс — Ынтымак Абдыкалыков.

Мелдеш 15-16-февраль күндөрү Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы муз аянтында өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️