Нарында бруцеллез ылаңы аныкталган 129 уй союлуп жок кылынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районунда жыл башынан бери 129 уйдан бруцеллез ылаңы аныкталып, ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды. Бул Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бруцеллезго карата серологиялык изилдөөгө 5 миң 537 уйдан кан алынып, ветеринардык дартты аныкто үчүн экспертиза борборуна жөнөтүлгөн.

Анын жыйынтыгы менен Дөбөлү айылынан 14, Чет-Нура айылынан 6, Миң-Булак айылынан 17, Жерге-Тал айылынан 17, Эмгек-Талаа айылынан 30, Учкун айылынан 25, Жан-Булак айылынан 9, Нарын шаарынан 11 уйдан бруцеллез ылаңы аныкталып, ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынган.

Нарын району жана шаары боюнча 59 мин 774 ири мүйүздүү мал, 308 миң 955 кой-эчки, 41 миң 713 жылкы, 45 миң 196 миң үй канаттуулары бар.

Учурда Нарын районунда жана Нарын шаарында эпизоотиялык абал туруктуу.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️