Turmush — Нарын облусунун аймагында бир жума ичинде 577 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 8 айдоочу кармалды. 48 автоунаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 10-июнунан тартып 17-июнуна чейин рейд өттү. Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен:
— ылдамдыкты ашырып айдаган — 131;
— жол белгилерине баш ийбеген — 176;
— коопсуздук курун тартынбай айдоо — 79;
— жол чырагына баш ийбей айдоо — 6;
— техникалык кароодон өтпөй айдоо — 11;
— эксплуатациялоого тыюу салынган техникалык мүчүлүштүктөрү бар транспорт каражатын башкаруу — 14;
— кызматтык автоунаалардын атайын үн чыгарып жарык берүүчү түзүлүштөрүнө баш ийбей айдоо — 65;
— автоунааларын документтери жок башкаруу — 6;
— автоунаа айдоого укугу жок башкаруу — 3;
— автоунаага мамлекеттик белгисин коюу эрежелерин бузуу — 1;
— транспорттук каражаттарды каттоо тартибин бузуу — 8;
— автоунааларына кошумча жабдык орнотуп алган — 4;
— каршы тилкеге чыгып айдоо — 1;
— каттоодон убактылуу токтотулган — 8;
— жолдо жүрүү эрежелерин бузган — 5;
— башка жол эрежелерин бузган айдоочулар болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.