Нарында бир катар адамдарга төш белгилер тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Нарын облусунун өнүгүшүнө салымын кошуп, ар кыл тармактарына эмгеги сиңген инсандарга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5 адамга «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бир катар адамдарга «Нарын даңкы» төш белгиси, Турдакун Усубалиев, Ормон хан Ниязбек уулунун, Матен Сыдыковдун жана Корчубек Акназаровдун ысымындагы төш белгилер тапшырылды.

Ошондой эле облус жетекчилигинин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️