Нарында 8 гектар жер 6 адамга мыйзамсыз берилген. Жер тилке мамлекетке кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районундун Миң-Булак айыл аймагында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 8 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз иш Жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган.

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Бүк участкасындагы жалпы аянты 8 гектарды түзгөн жер тилкеси 2018-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 6 жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткен.

«Облустук прокуратура укук аныктоочу иш кагаздарды жокко чыгаруу максатында сот органдарына доо-арыз менен кайрылып, ал толук канааттандырылып, буйруктар жараксыз деп табылды. Анын негизинде президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө прокурордук актысы келтирилип, жыйынтыгы менен жалпы баасы 9 млн 600 миң сомду түзгөн 8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️