Нарында 41 жаштагы ашпозчу аялга бычак сайылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарындагы базарда 41 жаштагы аялга бычак сайылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыатка караганда, бүгүн саат 11:00 чамасында милицияга шаардагы «Он-Арча» базарындагы аялды жолдошу бычак менен сайып салыптыр деген маалымат түшкөн. Ал жерге тергөө тобу барып, Нарын шаарынын тургуну 1982-жылы туулган тургуну М.Н. «Он-Арча» базарындагы ашканада ашпозчу болуп эмгектенген, 1983-жылы туулган жубайы С.А.ны ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган. Аялы Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Жолдошу М.Н. Нарын ШИИБи тарабынан кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️