Пример HTML-страницы

Нарында өтүп жаткан «Кыргыз шырдагы» фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2 күндөн бери Нарында өтүп жаткан «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, «Мыкты шырдак» номинациясы боюнча баш байгени Ак-Талаа районунун чебер айымы Марипа Муканованын «Аксакалдар курултайы» деп аталган түр шырдагы жеңип алып, 50 миң өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду.

«Мурас шырдак» номинациясы боюнча биринчиликти Нарын шаарынын тургуну Айзада Байбосунова камсыздап, 25 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал жасалганына 70 жылга жакындаган таенесинин мурас шырдагы менен сынакка катышкан.

«Жаратмандык ыкмада жасалган шырдак же инновациялык шырдак» номинациясында баш байгени Ат-Башы районунун чебер айымы Жаңылбүбү Чокоеванын шырдагы багындырып, 21 миң сом менен сыйланды. Ушул эле номинация боюнча 1-орунду Тогуз-Торо районунан келген чебер Жумалиева Зулайканын шырдагы ээлеп, 20 миң сомдук сыйлыкка ээ болду.

Мындан сырткары 70ке жакын кол өнөрчүлөргө «Жаш уздарды тандоо», «Мыкты терме», «Мыкты ала кийиз», «Мыкты сайма» жана башка номинациялар боюнча кызыктыруучу байгелер берилди.

Калыстар тобунун төрайымы, этнодизайнер, Бурул Мамбетова белгилегендей, сынакта миңдеген буюмдардын арасынан 70ке жакын эмгектер сыйлыкка татыды. Баш байгеге ээ болгон шырдактар Кыргыз улуттук тарых музейинде, көркөм өнөр жана Курманжан датка музейлеринде кыргыз элинин тарыхый мурасы катары сакталат.

Быйыл «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалынын байге фонду 500 миң сомду түзүп, ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланган.

  • Фестивалга Япония, Швейцария, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстандан меймандар келди. Миңден ашык кол өнөрчүлүк буюмдары сынакка коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE