Нарынбек Өмүрзаков 30 жылдан бери комуз черткенди үйрөтөт. Комуз тандоодо эмнелерге көңүл буруш керек экенин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Нарынбек Өмүрзаков комузда кол ойнотууну балдарга үйрөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Нарынбек Өмүрзаков 1975-жылы 12-январда туулган. 2 кыз, 1 уулдун атасы. 30 жылдан бери 100гө жакын баланы кыргыздын улуттук аспабында ойноону үйрөттү. Ал Каракол шаарынын балдар искусство мектебинде комуз адистигинен сабак берип, учурда аталаган мектептин жетекчиси болуп эмгектенет.

«Комузда ойноону 10 жашымда музыкалык мектептен үйрөнгөм. Алгачкы мугалимим Жолдошбек Үркүнбаев деген агай эле. Ошондон тарта комузум дайым жанымда. Ал эми 1995-жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келем. Башында Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында сабак берчүмүн. 7 жылдан бери Каракол шаарынын балдар искусство мектебинде эмгектенип келе жатам», — дейт

Азыркы учурда комузду үйрөнгүсү келген жаштар көп экенин айтып, сүйүнүп отурду.

«Эң башкысы баланын кызыгуусу, шыгы болуш керек. Угуу жана кабыл алуу сезими күчтүү болсо батыраак үйрөнө алат. Кээде ата-эне комуздун үнүн жакшы көргөндүктөн баласын үйрөнсүн деп берип коюшат. Андай убакта бала көңүл кош мамиле кылып, комузда ойноону үйрөнө албайт. Учурда кичинекей балдар арасында комузга кызыккандар көп болууда. Ата-эне баласы комузга кызыгып жатканын айтып, алып келишет. Улуттук аспапты аздектегени жана жаштардын комуз черткиси келгендердин көптүгү бизди кубандырат», — деди.

Бүтүрүүчүлөрүнүн арасында комузду аздектеп, сактап, аны муундан-муунга маданий мурас катары өткөрүүгө салым кошуп жаткандары да бар.

Пример HTML-страницы

Ал комуздун аркасы менен Түркия, Корея жана Россиянын көптөгөн жерлерине барган.

«Чет элдиктер комуз күүлөрүн абдан жакшы кабыл алышат. Көбүнчө тура калып кол чабышат. Караколдон дагы саякатчыларга көп концерт берип калабыз. Ал эми Түркияга барганды айтсам, 7 киши орозо айында барып калдык. Орозо күндөрү өлкөдө майрам болот экен. Алар комузду абдан жакшы кабыл алып, күүлөрдүн жаралуу тарыхына да кызыгышты», — дейт ал.

Комузда кол ойнотууну үйрөнүүдө, жакшы комуз тандоо керектигин айтат.

«Комузду тандоодо анда кол ойноткон, угуу сезими күчтүү адам менен чогуу барып, тандоо керек. Комузду чертип көрүп, үнүн угуп, үнү жакшы чыкканын алыш керек. Анткени үнү начар чыккандар да болуп калат.

Эң башкысы комузубуз ар бирибиздин үйүбүздүн төрүнөн орун алсын. Кыргыз маданиятын сактап калуу ар бирибиз үчүн ыйык милдет. Эч качан комуздун дабышы өчпөсүн!», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️