Пример HTML-страницы

Нарын шаарынын 155 жылдыгына карата бир катар объектилер ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын 155 жылдык мааракесинин алкагында калаа аймагында бир нече эс алуучу жайлар ишке кирди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Агартуучулардын аллеясынын кызыл тасмасы кесилип, пайдаланууга берилди. Эс алуучу жай бир канча өзгөчөлүктөр менен жасалгаланып кооздолгон. Аллеяны негиздөөдө шаардык бюджеттен 2 млн 700миң сом, билим берүү тармагынан 500 миң сомго чейин акча каражаты жумшалган.

Мындан тышкары 64 аймагында жаңы түптөлгөн «Ынтымак» аллеясынын кызыл тасмасы кесилип, шаар тургундарына эшигин ачты. Аллеяны курууга шаар казынасынан атайын каражат каралган эмес. Ага сарпталган каражат шаардын 1983-жылы туулган тургундары тарабынан каржыланган.

Ошондой эле, 64 аймагына балдар аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Анда бөбөктөргө бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы-Жол аймагындагы Абдылдабек Чыңгышев атындагы сквер демөөрчү тарабынан жарым миллион сомго жасалып, ал дагы шаар тургундары үчүн эшигин ачты.

Мындан сырткары муниципалдык набайкана, устакана жана тигүү цехи ачылып, элге кызмат көрсөтө баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы