Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Нарын шаарындагы тургундар медициналык кароодон акысыз өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-апрелде Нарын шаарында каалоочуларга медициналык кароодон акысыз өтүү акциясы жана аралыкка чуркоо марафону уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун невролог, эндикринолог, терапевт, кардиолог адистери шаар тургундарына акысыз кеңештерин берди. Андан сырткары, кургак учук, СПИД, кант диабетин аныктоо боюнча анализдерди тапшыруу дагы уюштурулган.

Ошондой эле, аялдар жана эркектер арасында аралыктан чуркоо марафону өтүп, ага 20дан 54 жашка чейинки кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда жаш курагына жараша 4 топко бөлүнүп чуркашты. Алдыңкы орунду алгандарга белектер тапшырылды.

Белектер үчүн Нарын шаардык спорт бөлүмүнөн 4 миң сом, Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан 12 миң сом каралган.

Иш-чара Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү менен Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү жана Апрель революциясынын 12 жылдыгына карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE