Нарын шаарындагы коомдук мончо иштей баштады

TurmushКечээ, 1-апрелде Нарын шаарындагы коомдук мончонун бир тарабы ишке берилип, баалары бекитилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мончо Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын кармаганына берилип, 15 күн аралыгында оңдоп-түздөө иштерин бүтүрүшкөн.

Транспорт ишканасынын жетекчиси Даниал Өмүрбековдун айтымында, кызматкерлер күнү-түнү иштешкен.

«Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында бул жай транспорт ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилген. Мэрдин тапшырмасы менен 15-марттан баштап аялдар жуунучу тарабын оңдоп баштаганбыз. Бүгүн минтип элдин мүдөөсүн аткарып ишке берип отурабыз. Эркектер тарабын 1-майда ишке беребиз деп пландап жатабыз. Ага чейин бүткөн тарабына мырзалар да, айымдар да жуунуп тургудай график түзүлөт», — деди ал.

Белгилей кетсек ар жуманын 2-күндөрү санитардык тазалоо күнү болуп мончо иштебейт. Баасы 12 жашка чейинки балдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана 63 жаштан жогоркуларга 100 сом, калгандарга 150 сом деп бекитилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️