Нарын шаарында жашылча-жемиштердин баасы кандай болууда?

TurmushНарын шаарындагы борбордук базардагы жашылча-жемиштердин баасын аймактык кабарчы билип көрдү.

Сатуучулардын айтымында, доллардын баасы арзандаганына карбастан жашылчалар арзандай элек. Себеби, алар дүңү менен мурдагы кымбат баа менен алып жатышат.

«Жашыл-жемиштерге болгон баа дагы деле кымбат. Сабиздин баасы 50 сомго чейин кымбаттаса, пияз, картошка 40-45 сом, капуста 90 сомдон болууда. Азыр доллардын баасы арзандаганы менен биз, сатуучулар өзүбүз мурдагы кымбат баа менен алып жатабыз. Бир-эки күндө доллардын түшүшү дароо эле таасир берип, азык-түлүктүн баасы түшүп кетпейт. Жашылча-жемиштер бышса, доллар куну төмөндөсө, алдыңкы 1-2 ай аралыгында арзандаса керек. Бизге кандай баа менен келсе ошого жараша сатыкка коебуз. Азыр бизде дагы деле дүң баада кымбат келип жатат. Ошол себептен азыркы базардагы баа дагы кымбат. Албетте, биз арзан алсак, кардарларга дагы арзан сатабыз», — деди Кенжегүл Турганбаева.

Сабиз 50 сом;

Картошка 45 сом;

Пияз 40 сом;

Пример HTML-страницы

Кызылча 50 сом;

Чеснок 400 сом;

Капуста 90 сом;

Басай 100 сом;

Болгар калемпири 300 сом;

Алма 45 сомдон 80 сомго чейин;

Банан 180 сом;

Мандарин 150 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️