Пример HTML-страницы

Нарын шаарында шырдак фестивалы өтүп жатат. Алыскы өлкөлөрдөн меймандар келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында «Кыргыз шырдагы» фестивалы 15-ирет өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестиваль Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарынан келген кол өнөрчүлөрдүн жүрүшү менен башталды.

Фестивалга республиканын бардык аймактарынан келген уздар колунан чыккан эмгектерди көрсөтүштү.

Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымынын кеңешчиси Жамбы Карыбекова фестивалга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 кол өнөрчүнү алып келүү пландалганын, бирок 200дөн ашык кол өнөрчү келгенин билдирди. Ошондой эле ал 15 жаштан 35 жашка чейинки жаш кол өнөрчүлөр 15 жылдык мааракеге карата шырдак жасап келгенин белгиледи.

Фестивалдын алкагында улуттук оюндар, маданий иш-чаралар өтүүдө. Улуттук саркеч кийимдердин көргөзмөсү, өрмөк согуу, кийиз жасоо, сайма саюу, ийик ийрүү, тери иштетүү боюнча чебер класстар уюштурулуп жатат.

Фестивалда «Мурас шырдак», «Мыкты шырдак», «Жаратмандык ыкмадагы шырдак», «15 жылдыкты чагылдырган жаратмандык шырдак», «Жаш уздардын шырдакча жасоосу» номинациялары боюнча кароо-сынактар өтөт.

Фестивалга Япония, Швейцария, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстандан меймандар келди. Миңден ашык кол өнөрчүлүк буюмдары сынакка коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE