Нарын шаарында Эгемендүүлүк майрамы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-августта Нарын облусунун бардык аймактарынд Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында аскердик-экономикалык жүрүш болуп, Нарын облусунун тармактарындагы жетишкендиктер даңазаланды. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык тарыхы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын жана Нарындагы маданият тармагынын жалпы кызматкерлеринин аракети менен сахналаштырылып чагылдырылды. Андан кийин Нарын облусундагы жетишкендиктерди чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чара кечки саат 19:00до Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️