Нарын шаарында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

TurmushБүгүн, 7-апрелде Нарын шаарында Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эскерүү иш-чарасы «Тянь-Шань» сейил багында өтүп, ага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев, мекеме-ишкана жетекчилери, Апрель окуясына катышкандар жана анда курман болгондордун жакындары, жергиликтүү тургундар катышты. Анда курман болгондор эскерилип, алардын рухуна багышталып куран окулду. Ошондой эле, эстиликке гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чарада бийлик өкүлдөрү жана революциянын катышуучулары ошол кездеги окуялары менен бөлүшүп, курман болгон жакындарын эскерип өтүштү.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга Нарын шаарынан барган 1 адам, кийин алган жаракаттарынан улам 5 адам курман болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️