Нарын шаарында 7 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, 7 аялга «Баатыр эне» ордени, 7 аялга «Эне даңкы» медалы ыйгарылды. Иш-чара шаардык маданият бөлүмүнүнконцерттик программасы менен коштолду.

Буга чейин Ак-Талаа районунда көп балалуу 11 энеге «Баатыр эне» ордени, 9 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылган.

Кочкор району боюнча 11 айым «Баатыр эне» ордени, 13 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган.

Жумгал районунда 15 айым «Баатыр эне» орденин алса, 4 айым «Эне даңкы» медалын алган.

Пример HTML-страницы

———————————-

«Баатыр эне» ордени 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мимлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн.

«Баатыр эне» ордени менен энелер 7 жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) Мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

«Эне даңкы» медалы менен энелер — алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

«Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) Эгерде асырап алгандан кийин кеминде 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса, мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️