Нарын шаарында 43 жаштагы эркек кишини зордуктоого анын кошуналары шектелип жатат

TurmushНарында 43 жаштагы эркек кишинин зордукталганы боюнча анын жакындары милицияга кайрылып, кылмыш иши козголгон. Маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 16-ноябрында 1979-жылы туулган М.Ж.га карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет көрсөтүлгөндүгү боюнча арыз түшкөн.

«Андан бери экспертиза улам-улам дайындалып, бүгүнкү күндө комиссиялык, комплекстик экспертиза жүрүүдө. Азыр шектүүлөр камакта эмес. Экспертизанын корутундусу менен жыйынтык чыгарылат. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, аталган кишинин 4 кошунасы шектелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️